super.kg logo
  Спорт  

Евро-2020: Коронавирустун айынан турнир башка убакытка жылдырылышы мүмкүн

 

Дүйнө элин коркунучка салып жаткан коронавирустун айынан быйыл жай айында өтө турчу футбол боюнча Европа чемпиондугу башка убакытка жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу УЕФА уюмунун вице-президенти Мишель Увага таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Биз азыркы тапта бул ишти карап жатабыз. Мунун баары өлкөлөрдөгү кырдаалга жараша болот. Эгер кырдаал курчуп кетсе, турнирди өткөрбөй, токтотуп турууга аргасыз болобуз", - деп билдирген Мишель Ува.

Маалыматка ылайык, футбол боюнча Европа чемпиондугу төрт жылда бир өтөт. Быйыл бул турнир Европа чөлкөмүндөгү 12 шаардагы стадиондордо өткөрүлөт. Турнир 12-июнь күнү Италиянын Рим шаарындагы "Олимпийский Стадион" стадионунда башталып, финалдык беттеш 12-июль күнү Англиянын борбору Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөт. Турнирге жалпысынан 24 команда катышат. Учурдагы Европа Чемпиону "Португалия" курама командасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: