super.kg logo
  Спорт  

Токио-2020: Коронавирустан улам Олимпиадалык оюндардын өткөрүлүшү же токтотулушу май айында каралат

 

Эл аралык Олимпиада Комитети (ЭОК) май айында коронавирустун айынан "Токио-2020" олимпиадасын токтотуу тууралуу маселени карайт. Бул тууралуу ЭОКтун мүчөсү Ричард Паунддун берген маалыматына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Акыркы чечим эки айдын ичинде чечилет. Себеби май айында олимпиадага карата акыркы даярдыктар, тагыраагы коопсуздук кызматы, тамак-аш, мейманкана маселеси каралат, ошондой эле журналисттер да келе башташат. Эгер бул даярдыктарга тоскоолдуктар жаралса, анда олимпиаданы токтотуу маселеси май айында каралат. Бирок азырынча бардыгы план боюнча жүрүп жатат. Бардыгы бул олимпиада эч кандай маселесиз өтөт деп айтып жатышат. Ошондуктан олимпиадага катышчу спортчулар даярдыктарыңарды уланта бергиле", - деп билдирген Ричард Паунд.

Акыркы маалыматтар боюнча Японияда 862 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын көпчүлүгү (691 адам) " Diamond Princess" круиздик лайнеринде катталган жана 4 адам каза болгондугу айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: