super.kg logo

ЖЭБ соту: Отурум Сапар Исаковдун ден соолугуна байланыштуу жылдырылды

 

Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык сотунда саат 09:30га белгиленген ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттанууларын кароо процесси жылдырылды. Буга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ден соолугунун начарлашы себеп болгонун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Сапар Исаковдун кан басымы 140/90 болуп көтөрүлүп кетиптир. Мындан тышкары башы тегеренип, жүрөгү айланып, өзүн жаман сезип жатканын айтты. Дене табы дагы көтөрүлүптүр. Буга байланыштуу судья Ирина Воронцова отурумду бүгүн саат 14:00гө чейин жылдырды. Бирок Исаков процесске келе албайт", - дейт жактоочу.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар шаардык сотко апелляциялык даттанууларын жиберишкен.

Учурдагы соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.02.2020. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сары бала ооруй эле берет экен да.
26.02.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jaznura,мамлекетти тоноп жатканда ооруса бомок, элдин акы элге калмак.
26.02.2020. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaznura,Сары бала россиядагы Мурас клиникасын кайсы акчага салдың эле
26.02.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaznura, жоопкерчилике тартылууда баары эле ушинтип ооруй беришет экен
26.02.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сапар Исаковту жон жерден камалып жатат. Сооронбай Жээнбековту да сурака чакырган киши барбы. Соке дагы таза эмес.
26.02.2020. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар Исаков алган акчаларын куса албай ооруп жатабы?
26.02.2020. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соооооке адам деле эмес экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: