super.kg logo
  Спорт  

АФК Кубогу-2020: Өткөрүп жибербеңиз! Бүгүн "Худжанд" - "Нефтчи" командаларынын жооптук беттеши түз эфир аркылуу берилет

 

Бүгүн, 26-февралда АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогундагы тажикстандык "Худжанд" командасы менен "Нефтчи" командасынын жооптук беттеши болот. Бул оюн Дүйшөмбү шаарындагы борбордук стадиондо саат 17:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат.

Оюн алдында эки команданын башкы машыктыруучулары жана футболчулар Андрей Сидоров менен Алмаз Маликов журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

“Нефтчи” клубунун башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров:

"Биз биринчи оюнда артыкчылыкка ээ болдук, бирок бул ошол жыйынтыкты коргоо үчүн келдик дегенди түшүндүрбөйт. Талашсыз, атаандаш чабуулга өтүшү керек, биз буга даярбыз. Биздин артыкчылыгыбыз аз эле, андыктан биз дагы гол киргизсек деп ойлойбуз. Мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз. Команда даяр, биз кийинки баскычка чыгууну каалайбыз".

“Нефтчи” клубунун капитаны Алмаз Маликов:

“Худжанд” - мыкты команда. Биз беттешке жакшы даярдандык, сапаттуу футбол көрсөтүүгө даярбыз".

“Худжанд” клубунун башкы машыктыруучусу Никола Лазаревич:

"Биринчи оюн биз ойлогондой болгон жок. Жыйынтыкка ичибиз ачышат. Жооптук беттеште жеңиш үчүн ойноого аракет кылабыз. Биринчи оюнда атаандаш канчалык даяр экендигин көрсөтүп, курамын күчөткөнү байкалды. Алдыда боло турган оюнга өзүбүздүн планыбыз бар, тийиштүү жыйынтыкка жетебиз деген ишеним бар."

“Худжанд” клубунун оюнчусу Андрей Сидоров:

"Жооптук беттешке даярдык күч. Бизге жеңиш гана керек. Кыргыз өлкөсүндө жана бул жакта бизди колдогон күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. Дүйшөмбү шаарында күйөрмандар бизди колдоп, биз аларга жеңиш менен жооп бергенге аракет кылабыз".

Бул эки команданын биринчи оюну Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда өтүп, 1:0 эсебинде "Нефтчи" командасынын жеңиши менен аяктаган.

Оюнду өткөрүп жибербей, SUPER.KG порталынан түз эфирден көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2020. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРК спорт туз алып береби
27.02.2020. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откоруп жибериш эле керек,дворовый футболду коргучо,тажиктерге 3-0го женилип журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: