super.kg logo

Бөбөктөрдүн сүймөнчүлүгүнө татыган "Walt Disney" компаниясынын башкы директору алмашты

 

Дүйнөдөгү миллиондогон бөбөктөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган "Walt Disney" компаниясынын башкы директору алмашты. Компаниянын жаңы директору болуп Боб Чапек дайындалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"The Walt Disney" компаниясын буга чейин Роберт Айгер жетектеген. Ал бул кызматты 2005-жылдан бери аркалап келген. Түзүлгөн келишимге ылайык, Айгер 2021-жылга чейин компаниядагы иштин ийгиликтүү өткөрүлүп беришин камсыздоо жана компаниянын чыгармачыл ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында аткаруучу директор кызматында калары айтылууда.

"Боб Чапек менен 22 ай бою тыгыз кызматташтыкты күтүп жатам. Ал жоопкерчиликти толук кандуу ишке ашыруусуна ишенем", - деген Айгер.

Боб Чапек 27 жыл компаниянын дүйнөдөгү бардык көңүл ачуучу парктарын өнүктүрүү менен алектенген. Ал бул жолу компаниянын 100 жылдык тарыхындагы 7-директору болот.

"The Walt Disney Company" компаниясы 1923-жылы 16-октябрда өз ишмердүүлүгүн баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: