Ошто 8 жаштагы бала каналга чөгүп кетти
Ош облусунда 8 жаштагы бала каналга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“Оштогу Латибжанов көчөсүн бойлой жайгашкан каналга 8 жаштагы бала түшүп кеткен. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар баланын жансыз денесин таап, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти”, - дейт маалымат кызматынан.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.