ИИМ: "Бишкекте хоккей боюнча Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт"
Бишкек шаарында 3-5 март күндөрү хоккей боюнча дүйнө чемпионаты (IV дивизион) даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу республиканын аймагында жана Бишкек шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга байланыштуу 26-февралдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бардык облус, райондорунда Ош жана Бишкек шаарында ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлө баштайт.
Хоккей боюнча Дүйнө чемпионатын өткөрүүдө жарандардын, меймандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ИИМдин башкы багыттарынын бири болуп саналат.
"Жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүү коомдук жайларда жана оюн-зоок мекемелеринде кылмыштарды жана укук бузуулардын санын азайтуу, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана кылмыштарды төмөндөтүүгө багытталган. Милициянын кызматтары тарабынан коомдук-саясий жана ыкчам абал талданып, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алууга жана эскертүүгө чаралар көрүлүүдө. Массалык иш-чаралар өтө турган жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп, маанилүү обьекттилер өзгөчө көзөмөлгө алынат. ИИМ жарандарды сак болууга чакырат жана көрүлүп жаткан ыкчам алдын алуу чараларды (шек санаган буюмдарды көргөн учурда жакынкы кезметтерге кабарлоо керек) түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Иш-чаралардын жүрүшүндө атайын пландарга ылайык кызматкерлерден турган филтрациялоо посттору коюлат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.


