super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тиллаев сот аткаруучуларга шарт түзүп берүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев бүгүнкү күнгө чейин соттор чыгарган чечимдерин канча пайызы аткарылганын сурады.

Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов 2019-жылга карата 92 миң 900 документ келип түшкөнүн белгиледи. "2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 30 пайыз чечим аткарылды", - дейт ал.

Тиллаев "Сотторго элдер эмнеге ишенбей, эмнеге нааразы? Себеби соттор чыгарган чечимдердин аткарылышынын аягына чыкпай жатат Сот аткаруучулар институтун киргиздик. Алардын бүгүнкү иш абалы менен таанышып чыктык. Айлыктары 8 миң сом. Иш бөлмөсүндө шарттар каралбаптыр. Алар соттордун чечимин аткарыш үчүн бир жерге 10 жолу барышы мүмкүн. Барып келген жол киреси мамлекет тарабынан төлөнбөсө, каржылык колдоолор жок болсо, соттордун чечимдери аткарылбайт да. Биринчи аларга шарттарды түзүп берүү керек. Бул үчүн Финансы министрлиги олуттуу иш алып барышы зарыл", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: