super.kg logo

ИИМ алдамчылык жол менен башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган жарандарды кармашты

 

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматкерлери алдамчылык жол менен башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылдын август айында Сокулук РИИБине Чүй облусунун тургуну кайрылып, алдоо жана алдамчылык жолу менен ири материалдык чыгым келтиргендерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Арызда, 2013-жылы жайында Аман жана Эсен аттуу адамдар ишенимге кирип, жер тилкесин алып беребиз деп 2002-жылы чыккан Toyota Harrier үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алышып, изин жашырып качып кетишкендигин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам иштердин жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген эки жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кармалган жарандар Аламүдүн районунун жашоочусу 1985-жылы туулган О.А. менен 1985-жылы туулган Б.Х. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: