super.kg logo

Блогер Диана Сагиева: "Түштүк Кореяда актёр коронавирусту жуктурдум деп пранк уюштуруп, элди дүрбөлөңгө салды"

 
Диана Сагиева
Түштүк Корея. Кванджу шаары. Окуя катталган жерди тазалап жатышат
Коронавируска пранк жасаган студентти алып кетип бара жатышат

Кытайдын Ухан шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 80 миң 994 кишиге жеткени маалым. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий түрдө 2019-nCOV деп атаган вирус учурда Кытайдан тышкары Таиланд, Япония, Вьетнам, Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея, Франция, Непал, АКШ, Австралияда катталды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы учурда Түштүк Кореяда жашап жаткан Диана Сагиева аттуу блогер менен байланышты.

- Диана, сиз Түштүк Кореянын кайсы шаарында жашайсыз жана ал жакта корнавируска байланыштуу абал кандай?

- Мен Түштүк Кореянын Кванджу шаарында жашаганыма 6 жыл болду. Бул жакка Казакстандан келгем. Алгач коронавирус катталганда эл дүрбөлөңгө түшүп, көчөгө чыкпай калган. Учурда абал тынч, адамдар эркин эле жүрүшөт. Бирок коомдук транспорттордо эл азайып калганы байкалууда. Ошондой эле дарыканаларда медициналык бет каптар жок. Көпчүлүк компаниялар кызматкерлерин дистанттык режимде иштөөгө чыгарды.

-Силер жашаган шаарда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жокпу?

- Өткөн жумада бир жаш бала жашоочулардын баарынын жүрөгүн түшүрдү. Ал китеп дүкөнүнүн жанынан эсин жоготуп жыгылып калган. Ага чейин бала жөтөлүп, өзүн жаман сезип жатканын айткан экен. Тез эле ызы-чуу түшүп, аны Часондэ аттуу окуу жайдын бейтапканасына алып кетишкен. Окуя китеп дүкөнүнүн жанында катталгандыктан, дүкөндү тазалоо үчүн жаап салышкан.

Кийин белгилүү болгондой, жыгылган бала 20 жашта экен. Ал баарына кытайлар менен контактта болгонун жана Түштүк Кореяда "өзгөчө контроль зонасы" болуп жаткан Тэгу шаарында (ред: бул шаарда коронавирус жуктуруп алган 86 киши бар экени аныкталган) жашап келгенин билдириптир. Полициянын катышуусунда андан коронавируска текшерүү үчүн кан анализи алынгандан кийин, качып кетиптир. Көрсө, ал жигит эч качан Тэгу шаарында жашаган эмес экен. Жөн гана кесиби актёр болгондуктан, ошондой пранк жасоону ойлоп тааптыр. Бирок эми жаш баланы абдан чоң жаза күтүп турат. Анткени анын айынан ири дүкөн жабылууга мажбур болуп, бир топ чыгым тартты. Ошондой эле шаар тургундарынын арасында чуу жаралды. Айтмакчы, баланын коронавируска тапшырган анализдери таза чыгыптыр.

- Маегиңизге рахмат!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул оору тезиреек жок болсун ! Жараткан Аллахым өзү жардам берсин!!
27.02.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачы кантет боже мой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: