super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тазабек Икрамов: "Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү адамдар жооп бериши керек. Сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенебиз". КҮНСОБОЛ

 

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыкты. Бул боюнча ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берди. Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.

SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Сот бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгарат деп ишенесизби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кой-Таш окуясы мамлекетке чоң зыяндарды алып келди деген пикирде.

"Аягы адамдын өмүрүн алган окуя менен аяктады. Канча деген адамдар жарадар болду. Бийликти күч менен басып алуу, Кой-Таш айылын өзүнчө мамлекет кылуу сөздөрдү көтөрүп, элди адашууга, туңгуюкка алып барышты. Бул боюнча сөзсүз түрдө тарых өзүнүн баасын берет. Акыйкат чечим чыгат деп ишенебиз. Күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Мындан кийин дагы бөлүп-жарууга, мамлекеттик күч менен басып алууга чакырык таштаган адамдар ойлонуп, мындай жолго барбай калышат. Соттун чечими мыйзам жолунда чыгышы зарыл. Катуу чара көрүү чечими чыгат деп ишенет элем", - дейт Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: