super.kg logo

"Жумгалда кытайлык жумушчуларга каршы өткөн акциядан кийин аларды алып кетишти" дейт жашоочулар

 

23-февралда Жумгал районуна караштуу Кызыл-Коргон айылында жол куруучу болуп иштеген Кытай жарандарынын иштешине каршы митинг болуп өткөнү кабарланган.

Анда жергиликтүү тургундар айылда коронавирустун очогу болгон Ухан шаарынан Кытай жарандары келгенин айтышкан.

"Жакында Кытайдан алтоо келди. Аларды биздин аба майдандан дене табын ченеп туруп эле коё беришиптир. Эми алардын ичинен төрт Кытай жараны биздин айылда карантин деп изолятордо жатат. Ухандан аял-күйөөсү болгон жубайлар келгенин билебиз", - деген жергиликтүү тургун.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Кызыл-Коргон айылынын жашоочуларына байланышып, ал жактагы абал тууралуу билип көрдү.

"Митинг өткөндөн кийин карантинде жаткан кытайларды алып кетишти. Бирок кайсыл жакка алып кетишкенин айтышкан жок. Учурда айылда абал тынч. Бирок Кытай жарандары дагы келишсе, кайрадан митингге чыгабыз", - дешти жашоочулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
26.02.2020. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
жергилктуу эл деле туура кылат сактыкка кордук жок дегендей...
26.02.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
chake, каяк жакка алып кетти экен а? Кызык.......
26.02.2020. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Omush94, Биздин китайский кыргыздар Митинг жок жерге алып кеттида.
Samatalibei түзөттү 2020-02-26 22:41:46
27.02.2020. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат, силерге жумгалдык мекендештерим, чыныгы патриоттор, иштетпей да койуш керек, биз Кыргызстан озубуз мезгили келгенде иштетебиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: