super.kg logo

Сингапурда коронавирустан айыккан Кытай жаранына кылмыш иши козголду

 

Сингапур мамлекетинде бүгүнкү күнгө карата 93 жаран коронавирус менен жабыркап, алардын 62си дарылануудан кийин сакайып кетти. Вирустан сакайгандардын арасында 38 жаштагы Кытай жараны дагы бар. Сингапур бийлиги Кытай жаранына карата кылмыш ишин козгоп, ишти сотко жиберди. Соттук отурум 28-февралда караларын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 38 жаштагы Ху Цзюнь Кытайдын Ухан шаарынан болот. Ал эми анын жубайы 36 жаштагы Ши Ша Сингапурдан болот. Жубайлар жер которгону тууралуу жалган маалымат бергендиги үчүн айыпталып жатат. Тагыраагы, алар 22-январдан 29-январга чейин кайсы шаар, район, көчөдө жашагандыгы тууралуу так маалымат берген эмес.

Ху Цзюнь Сингапурга 22-январда келген, 31-январда ал коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталган. Кытай жараны медициналык дарылоодон кийин айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ху Цзюнь вирусту алып жүргөн учурда, кимдер менен жолугушканын аныктоо мүмкүн болгон эмес. Мындан улам өлкө бийлиги ага карата кылмыш ишин козгогон.

Сингапурдун инфекциялык оорулар тууралуу мыйзамын бузган жарандар 7 миң 150 доллар айып төлөп, 6 айга камакка алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
27.02.2020. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына башка мамлекеттин айып салуусу,уйронгуло биздин бийлик,мам абалында элдин машиналарын сузупжуруп кочодо,если Адам чыкса алдынан талкалап кетмек,ошого 25000сом айып салыптыр,уят эле да
27.02.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына мыйзам иштеген олко ,ошон учун онуккон бул олколор
28.02.2020. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде толтура туберкулёздун ачык туру мн жургондор ашырып,жашырбай даарыланса деле уйундо калган контакт болгон адамдар мн ишида жок мамалекттин! А буларда жугуштуу оорууларды жашырса штраф,же камак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: