super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ. Кыргыз футбол тарыхында биринчи хет-трик жасаган футболчу Виталий Люкс 31 жашка толду

 
Виталий Люкс Кыргыз футбол тарыхында хет-трик жасаган экинчи футболчу Эдгар Бернхардт менен

Улуттук курама команданын чабуулчусу Виталий Люкс бүгүн, 27-февралда 31 жашка чыкты.

Виталий Валентинович Люкс 1989-жылы 27-февралда Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Ал алты жашында ата-энеси менен чогуу Германияга көчүп кеткен. Виталий Люкс Кыргыз курамасында алгачкы жолу 2015-жылы 11-июнда Бангладеш курамасына каршы оюнга чыккан.

2019-жылы 16-янарда Филиппин курама командасына каршы оюнда хет-трик жасап, Кыргыз курамасын Азия Кубогунун плей-офф баскычына алып чыккан. Учурда Виталий Люкс Кыргыз футбол тарыхындагы хет-трик жасаган алгачкы футболчу болуп саналат.

Учурда Виталий Люкс Германиянын футбол сүйүүчүлөр лигасындагы "Түркспор" клубунда ойнойт.

27-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: