Миллиардерлердин саны боюнча Кытай дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин сап башына чыкты

Кытай миллиардерлеринин саны боюнча дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин сап башына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Статистика 2020-жылдын 31-январына карата алынганы маалымдалат.
"Мурда миллиардерлердин саны боюнча АКШ лидер болуп келген. Быйыл Кытайда, анын ичинде Гонконг жана Тайванда жашаган эң бай адамдар бул көрсөткүчтү өзгөртүүгө салым кошту. Жыл ичинде Кытайда миллиардер адамдардын саны 182 кишиге өсүп, жалпысынан 799 миллиардер катталган. Ал эми АКШ 626 миллиардер жараны менен 2 орунду ээлеген.
Аналитиктер коронавирустун айынан Кытай экономикасынын өсүүсү 2020-жылы 6 пайыздан 5, 4 пайызга жайлап калышы ыктымал экенин айтышууда. Ошол эле маалда эпидемиянын артынан айрым кытайлык компаниялардын акцияларына болгон баалардын өсүшү байкалган. Бул компаниялар фармацевтикалык рынокто иштегендер", - деп жазылат маалыматта.


