super.kg logo

Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин бөгөт чарасы каралып, чечим өзгөрүүсүз калды

 

Бүгүн, 27-февралда Баткен облустук сотунда Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин бөгөт чарасы каралды.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сапарали Бөрүбаевдин жактоочусу Асылбек Куңгуров билдирди. Айтымында, облустук сот ишти карап, Сапарали Бөрүбаевге карата Лейлек райондук сотунун аны 2 айга камакка алуу боюнча чечимин күчүндө калтырган.

“Баткен облустук сотуна Сапарали Бөрүбаевге карата Лейлек райондук сотунун бөгөт коюу чарасы жана камакта калуу түрү боюнча токтомго биз жактоочулар апелляциялык даттануу бергенбиз. Бүгүн даттануу боюнча сот өтүп, облустук сот аны күчүндө калтырды. Мындайча айтканда 14-апрелге чейин Сапарали Бөрүбаев Ош шаарындагы СИЗО-25те кармала турган болду”, - деп билдирди жактоочу.

"Бүгүнкү соттук кароого "А.Z. Internatiоnal" компаниясынын директору Сергей Юрченко да катышып, Сапарали Бөрүбаевге карата компаниянын дооматы жок экенин айтып, сотко далил келтирди. Ал эми Дүйшөбаев буга чейин тосмо арыз жазган болчу. Бирок ал сот залына киргизилген жок", - деп кошумчалады Куңгуров.

Белгилей кетсек, Сапарали Бөрүбаев "ээн баштык" беренеси боюнча шектүү катары кармалган. Кийин Жазык кодексинин "тоноо", "массалык баш аламандыкты уюштуруу" жана "бирөөнүн мүлкүн жок кылуу" беренелеринин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бөрүбаев 2012-жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Лейлектеги алтын кени бар "Апрельская" тилкесинде "Алаурум" компаниясындагы баш аламандыкка тиешеси бар деп шектелүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.02.2020. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сапар Бөрүбаевдин чек арадан башка да өз кызыкчылыгы болгон экен.
27.02.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сапарали өкмөттүн өкүлү катары кандай гана жагдай болбосун чагымчылдык кылбай тескерисинче элди тынчтандырып, тажик тарап менен тил табышы керек эле. Чыр чыкканда ал кантип борбордо болуп калды таң калыштуусу.
27.02.2020. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул озу депутат болуп алып элдин арасында угут иштерин жургузгону кандай...
27.02.2020. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул чек ара боюнча эмес бироону муштаганы учун кармалды, озу чон муштум дешетго айылдаштары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: