super.kg logo

Нур-Султанда 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө коомдук транспортто жүрүү акысыз болот

 

Казакстандын Нур-Султан шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр, тагыраагы, 18 жашка чейинкилер жол кире төлөбөйт. Бул тууралуу "Астана LRT" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын төрагасы Бекмырза Игенбердинов билдирген.

"Казакстанда 7 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жол киреге 40 (7 сом 35 тыйын) тенгеден төлөшөт. Бирок мыйзамга ылайык, жол кире акысы 45 тенге болуш керек. Ал эми 15 жаштан жогорку өспүрүмдөр 90 (16 сом 55 тыйын) тенгеден төлөйт. Көп балалуу үй-бүлөлөрдө балдардын жол кире акысы чоң маселе. Мындан улам жүргүнчү ташуучулар ушул жылдын 28-мартынан тарта 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө коомдук транспортто жүрүүнү акысыз кылуу чечимин кабыл алышты", - деп билдирген Игенбердинов.

Өспүрүмдөрдөн тышкары коомдук транспортто майыптар, ардагерлер, эмгек өргүүсүндөгүлөр жана көп балалуу энелер акысыз жүрө алышат. Коомдук транспорттордун кызматын акысыз пайдалануу үчүн атайын жеке карталарды алуу керектелет деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
27.02.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар
27.02.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А бизде жол кирени көтөрө албай убара! Колунда жок каропка чогултуп балдарын окуткан көп балалуу үй-бүлөлөр бар аларга мамлекет тарабынан бизде да жардам болуш керек!
28.02.2020. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде жол кире ит бекер, 8 сом, 10 сомдон эле. Шүгүр кылсак болот. Аларда 18 жаштан жогору кымбат турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: