super.kg logo
  Спорт  

"Ливерпуль" командасынын башкы машыктыруучусу Юрген Клопп: "Реал Мадрид" жана "Барселона" клубдары бизге коркунуч жаратат"

 

Англиянын "Ливерпуль" командасынын башкы машыктыруучусу Юрген Клопп анын командасына испаниялык "Реал Мадрид" жана "Барселона" командалары коркунуч жарата турганын айтты. Бул тууралуу башкы машыктыруучу англиялык "The Independent" газетасына берген маегинде билдирген.

"Реал Мадрид" жана "Барселона" клубдарына чакыруу түшсө көпчүлүк оюнчулар жок деп айта алышпайт. Бул көрүнүш биздин командабызга коркунуч жаратат. Мен ойлойм, "Ливерпуль" командасы эң мыкты командалардын бири. Бирок жер шарынын көпчүлүк бөлүгүнө бул эки команда кеңири таанылган. Ошон үчүн "Реал" жана "Барселонадан" биздин оюнчуларыбызга чакыруу түшүп калбасын деп коркобуз", - деп билдирген башкы машыктыруучу.

Маалыматка ылайык, "Ливерпуль" командасы Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында испаниялык "Атлетико Мадрид" клубу менен жооптук беттешин 12-март күнү өз үйүндө ойнойт. Бул эки команданын биринчи беттеши 1:0 эсебинде испаниялык клубдун жеңиши менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.02.2020. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура эле,любой кучтуу футболчунун карьерасынын эн чокусу Барса и Реал андан ары которулууго жол жок
28.02.2020. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барселонадан кобуроок корксо керек
28.02.2020. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz40, Ооба, Барса легендаларынын кадырына жетип, карьерасы аяктаганда сый-урмат менен узатып коёт, рмага окшоп итти айдагандай кылып айдабайт, рмадан ошол эле Өзил Дима Касилас Навастар кандай абалда кетишти байкуштар, ошодон коркотко көпчүлүгү)).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: