super.kg logo
  Саясат  

Шамилбек Асымбеков "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

 

Шамилбек Асымбеков "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Асымбеков өкмөттүн аппарат башчысы болуп иштеген. Анын бул кызматтан кетүүсүнө "КТ Мобайл" компаниясынын тегерегинде түзүлгөн жагдайлар себеп болгон.

Эмгек жолу:

1986-1988-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун Киров совхозунун экономисти;

1988-жылы Кыргыз компартиясынын Сокулук райондук комитетинин башчысы;

1988-1991-жылдары Кыргыз компартиясынын Ысык-Көл райондук комитетинин инструктору;

1991-1992-жылы Ысык-Көл районунун "Жаңы жашоо" колхозунда башкарманын орун басары;

1992-1993-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башкы инспектору;

1993-1998-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун "АШУ", "Эдиль" дыйкан чарбасынын төрагасы;

1999-2000-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Калкты жумуштуулук менен камсыздоо департаментинин директорунун биринчи орун басары;

2000-2001-жылы Эсептөө палатасынын башкы инспектору;

2001-2004-жылдары Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы;

2005-2007-жылдары "Шумкар" ААКсынын менеджери;

2007-2008-жылы Жогорку Кеңеште кеңешчи;

2012-2016-жылдары Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинде кеңешчи;

2018-жылы өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары;

2019-жылы өкмөттүк аппараттын жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: