super.kg logo

Кадыр Маликов: "Банк бай адамдардын көбөйүүсүнө кызыкдар болушу керек"

 

Ислам финансылык борборунун Шариат кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов каржылоонун ислам принциптери мусулман эле эмес, баарына жарай турганын, ислам экономикасы деген эмне жана Шариат кеңеши эмне себептен кереги туурасында айтып берди.

2020-жылы Ислам финансылык борбору (ИФБ) кызмат көргөзө турган аймактарын кеңейтти: Борбордун, Ош, Каракол, Токмок, Кара-Балта жана Кызыл-Кыядагы кеңселери ислам принциптеринин негизинде иштеп жатышат. Теолог, ИФБнын Шариат кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов борбордун иши жөнүндө айтып берген.

- Ислам банкингинин адаттагы банктык инструменттерден айырмасы эмнеде?

Негизги айырмачылыгы, Шариат тарабынан сүткорлукка тыюу салынышы. Ошол себептен динди карманган мусулмандар кредит ала алышпайт жана депозит ача алышпайт. Анткени пайыздарга негизделген финансылык ишмердик — бул харам.
Экинчи өзгөчөлүгү, ал ММКларда аз айтылып келет — «абадан» бүтүм жасоого тыюу салынгандагысы. Же болбосо, совет маалында спекуляция деп аталган жорук. Башкача айтканда, наркты абдан жогорулатып сатуу. Мында ислам банкингинин моралдык-нравалык тарабын белгилей кетүү керек. Көпчүлүк адамдар келишим пайызсыз түзүлсө эле – ал Шариат боюнча деп ойлошот. Жок андай эмес. Ислам банкингинин эки тарабы бар. Биринчиси – бул түздөн-түз банктык инструменттер. Экинчи тарабы дин ишенимине негизделген. Экономикага исламдын өзүнчө мамилеси бар. Бардык табигый ресурстар, акча, алтын адамга сыноо катары убактылуу гана берилет.

- Бул эмне дегенди билдирет?

Куранга ылайык, Кудай кишини жаратып, аны бул жакка өзүнүн ордуна кызмат кылууга калтырган. Убактылуу колдонууга жашоо, бизди курчап түрган жыргалчылыктарды жана сыноо ирээтинде предметтерди берген. Андыктан Ислам көз карашы боюнча акча – бул максат эмес, ал өзүңдүн эле эмес, башкалардын дагы жашоосун жакшыртууга жардам бере турган каражат. Муну салыштырмалуу социалдык теңдик десе болот. Жалпысынан, исламдын өзү руханий жана материалдык тең салмактуулукка негизделет.
Бирок бул сакал, хиджап жана башкалар сымал атрибутика эмес. Бул продуктунун тазалыгы. Келишимдин тазалыгы. Ниеттин тазалыгы. Биздин ниет кандай экени Кудай алдында маанилүү.

- Каржылоонун исламдык принциптери ислам динин туткандарга эле жеткиликтүүбү?

Жок, андай эмес. Аны дини, улуту, жынысы жана жашына карабай бардыгы колдонсо болот. Атеисттерге да колдоно алышат. Эгер статистиканы карасаңар, ислам банкингинин ири борбору болуп Лондон эсептелет. Ар кыл улуттардын жана диндердин көптөгөн көйгөйлөрү, каргашалары жана күнөөлөрү бирдей жана алар жакырчылык менен жумушсуздукка байланыштуу. Мунун баары биздин дүйнөнүн финансылык жана экономикалык тутумунун пайыздарга негизделип курулгандыгында. Каржылоонун ислам принциптери альтернативаны сунуштайт. Ошондой жол менен бизге алар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде жана бүткүл дүйнөнүн деңгээлинде тобокелчиликтерди төмөндөтүү үчүн айрым мүмкүнчүлүктөрдү берет.

- Эмне себептен каржылоонун ислам принциптерин тандоо керек?

Эгер адам толугу менен Куран жана Шариатты карманса, анда ал кредиттерди колдоно албайт жана депозит ача албайт. Ал эми ислам банкинги аларды финансылык каражаттарга жеткирет. Бирок адам динден алыс болсо да, ал ислам банкинги муктаж адамдардын бутуна туруусуна көмөктөшүүгө негизделерин эстен чыгарбашы керек. Бул толугу менен өнөктөштүк мамилелер болуп саналат.
Ошол эле убакта, ИФБ харам болуп эсептелген же тыюу салынган нерселерди өндүрүү, сактоо, кайра иштетип чыгаруу менен алектенгендерге кызмат көрсөтүүдөн баш тартарын унутпаш керек. Мисалы, алкоголь жана тамеки, порнография жана сойкулук, эттин айрым түрлөрү.

- ИФБнын Шариат кеңеши эмне максатта түзүлгөн?

Бул ислам банкингинин иштеп баштоосу үчүн милдеттүү шарт. Мен кеңештин негизги эки функциясын белгилегим келет. Биринчиден, ислам банкингинин кызматтарын көрсөтүүгө кете турган акчанын кайдан чыкканын текшеребиз. Алар «таза» болушу керек. Экинчиден, Шариат кеңеши, бериле турган кызматтардын эрежелерин ИФБнын жетекчилиги менен макулдашат. Алар толугу менен Шариатка ылайык келиши керек. Албетте, биздин кеңеш, ислам банкингин көрсөткөн финансылык мекеменин максаты киреше табуу эмес экендигин ИФБга ар дайым эскертип турушат. Шариатты карманган банктын негизги максаты — Кудайга кызмат кылуу, башкача айтканда, жакырчылык менен күрөшүү, жумушчу орундарын түзүү, айырмачылыктарын төмөндөтүү, муктаждарга жардам көрсөтүү. Жыйынтыкта, банк бай адамдардын көбүрөөк болушуна кызыктар болушу керек. Алар да бул ишке аралашуусу зарыл.

ИФБнын контакттары:
+996 312 90 13 55
0554 006 111 (Whats App)
6111
ifcenter.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.02.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак Жалиловко караганда Кадыр Маликов ото билимдуу адам. Эч кандай исламчыл арабчыл эмес. Азыркы молдолор арабтардын эле салтуу эрежелерин бул жака таашымай.
28.02.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул молдолордун баары кадыр Маликовтой болсо. Карагылачы суйлогон созу орду менен, абдан толерантуу экени корунуп турат. Сыртынан коруп абдан билимдуу таасирдуу адам корунот.
29.02.2020. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
IRA Жалпак тил менен түшүндүргөндө кандай? Үй алайын дедим эле.
29.02.2020. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Диндин озундо абдан коп карама каршылыктар бар. Логикага туура келбеген диний тушунуктор коп.
29.02.2020. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоисламик банкта процент ото жогору. Кайдагы шариат??
29.02.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маликовтун ар бир суйлогон созу орунду, далилдуу. Азыркы ХХХХ бакырып, окуро беришет.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-02 09:15:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: