super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгүн сынга алды

 

Бүгүн, 28-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын жыйынтыгы жана 2020-жылга карата милдеттер боюнча коллегиясы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга Кубатбек Боронов катышты. Ал Каттоо кызматынын артыкчылыктуу багыттарынын бири калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана ишмердүүлүктү стратегиялык пландаштыруу болуп санала турганын айтты.

"Мекеменин компетенциясына кирүүчү калкка бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин тартуулаган Калкты тейлөө борборлорун ачуу маселесин чечүү зарыл. Өзгөн районундагы Калкты тейлөө борборунун тажрыйбасы ийгиликтүү болоруна жана республиканын башка Калкты тейлөө борборлорунда колдонуларына ишенем", - дейт ал.
Анын айтымында, "Унаа" мамлекеттик мекемесинде тейлөө мамилелерин өзгөртүү керек.

Кубатбек Боронов Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгүн сынга алып, эч иш аткарылбаган калк үчүн маанилүү багыттардын бир нечесин белгиледи.

"Алсак, мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүдө кетирилген каталар жана талаптагыдай контролдоонун жоктугу биометрикалык паспортторду киргизүүдө өлкөнүн кадыр-баркына залакасын тийгизди. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө убакытты кечиктирүүгө жол берилген, анын натыйжасында айдоочулук курам үчүн ыңгайсыз абал жаралган. Мүмкүн болгон тобокелдиктерге алдын ала талдоо жүргүзүп, зарылдыгына жараша маселелерди чечүүнүн альтернативдик варианттарын ойлонуштуруу керек", - деди биринчи вице-премьер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: