super.kg logo

"Мени зордуктап, акчамды алып койду". Москвада ишкер аял такси айдоочусуна жалаа жапканы үчүн кечирим сурады

 

Москвалык тургун такси айдоочусун мени зордуктады деп айыптап, чындык ачыкка чыкканда кайра айдоочудан кечирим сурады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Мария Вылегжанина-Донская аттуу ишкер айым таксинин айдоочусу аны зордуктоого аракет кылып, акчасын уурдап алганын социалдык баракчасына жазып чыккан. Анын айтымында, 27-февраль күнү курбусунукунан чыгып такси чакырган. Эртең менен ал денеси көк ала болгонун жана 13-14 миң рубль акчасы жоголгонун билген. Ошондон улам такси айдоочусу мас абалынан пайдаланып аны зордуктап, акчасын алып койгон деп жыйынтык чыгарган. Билдирүү социалдык тармакка кеңири тарап, талкууга алынганда такси кызматынын жетекчилиги окуяны териштирүү үчүн айдоочу жаздырып алган видеону көрүп чыгып, интернет айдыңына жарыялашкан. Видеодо мас жүргүнчү унаа жүрүп бараткан учурда түшүп калууга аракет кылганы, суроолорго түшүнүксүз жооп берип, айдоочуну кемсинткени тартылган. Дарекке жеткенде айдоочу полиция кызматкерлерин чакырып, жүргүнчү аларга да атырылганы көрүнгөн. Бул видеодон кийин Мария такси кызматынын жетекчилигинен спирттик ичимдиктин таасиринде ушундай окуя болуп кеткенин айтып, кечирим сураган.

Эске салсак, мындай окуя такси кызматында иштеген мекендешибиз менен да болгон. Анда Орусиялык футболчу Погребняктын жубайы такси айдоочусуна атырылганда ал таксиден түшүрүп салып, чоң талкууга алынган. Окуянын чоо-жайы ачыкталганда Мария Погребняк кыргыз жигитинен кечирим сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.02.2020. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Таксистерге деле кыйын...
29.02.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондуктан Россияда иштеген таксисттердин машинасында дайыма видеорегистратор иштеп турушу керек.
29.02.2020. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул орустарды түшүнбөйсүң. Бир кызыктай калк да. Адамдык касиети жок. (Албетте баарын айтпадым) Башка улутту өзүнөн төмөн көргөндөрү көп.
29.02.2020. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орустун катындары кууратты го байкуш таксистерди
01.03.2020. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Значеть башка бироо зордуктаган, таксистде видеорегистратор жок болгондо жалаа жапмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: