Жалал-Абадда өлгөн адамдын атына паспорт даярдап берүү фактысынын бети ачылды
Мамкаттоо кызматынын Жалал-Абад облусундагы тез арада документ даярдап берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өлгөн адамдын атына ID-карта жана чет өлкөгө чыгууга керектүү паспорт даярдап беришкен. Факты боюнча кылмыш иши козголгонун Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирди. Паспорт 1995-жылы эле өлгөн Д.Ш. аттуу адамдын наамына жазылып, аны И.Г. аттуу айым колдонуп жүргөн. Факты боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

