super.kg logo

Мухаммедкалый Абылгазиев "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту текшерүү процесси менен таанышты

 

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдү текшерүү процесси менен таанышуу максатында «Манас» эл аралык аэропортуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аэропортто иштеген медицина кызматкерлеринин жана чиновниктердин милдети - өлкөгө коронавирустун киришинин жана жайылышын алдын алуу болуп саналат. Биз жерибизге келген ар бир адамды текшерүүгө тийишпиз. Ал тургай, дене табынын жогору болушун гана эмес, тигил же бул жүргүнчү келгенге чейин кайсы өлкөдө болгонун да текшерүү керек. Муну жалпы жарандык паспорт боюнча текшерүү оңой. Вирус бар деп шектелгендердин баарын изоляциялоо зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты. Учакта 150 жүргүнчү болгон, бул каттам менен келгендердин арасынан кооптуу вирус аныкталган жок. Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев убактылуу обсервация жайына барды. Учурда ал жакта эпидемиологиялык абалы жакшы эмес ар кыл өлкөлөрдөн келген 122 адам бар. Алар текшерүүдөн өтүп, 14 күндүк карантинге алынган. Ошондон кийин гана алар өлкөгө өткөрүлөт. «Мында алар коомго толук аралаштырылбаганы көрүнүп турат, аларга медициналык кызматкерлер гана киргизилет. Бардык анализдерди дыкат жүргүзүп, аларды күн сайын текшерүү кажет. Карантинге алынгандардын арасында вирус аныкталган жок, ошондуктан алардын айрымдары үйүнө коё берилди. Бирок дүйнөдө кырдаал начарлап жатат, силердин жоопкерчилигиңерден жана сактыгыңардан өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көз каранды. Биз коронавирустун киришине жол бербешибиз керек», - деп кайрылды премьер-министр дарыгерлерге.

Мухаммедкалый Абылгазиев бардык өткөрмө жайларда көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле текшерүүчү кызматкерлерди тийиштүү гигиеналык жана коргоочу каражаттар менен камсыздоону тапшырды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.02.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми зорго аран тааныштыбы?
29.02.2020. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу да даярдыкпы? Мындай даярдык менен бардыгы кырылып калат го Манас аэропорттогулар. Бир эле колдонулуучу маскалар жарабайт да мындай жерлерге. Бети ачык, башка жерлери ачык. Кудайым сактай кор!!!
29.02.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка мамлекеттерди карасан чүмкөнүп алып текшерип жатышат. Мындай болбойт. Тез арада коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: