super.kg logo

Камактагы Көк-Таш айылынын 2 тургуну үй камагына чыгарылды

 

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын камакка алынган 2 жараны үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына камакка алынгандардын биринин апасы Сапия Сапарбаева билдирди.

"Уулум жана жанындагы тургун кечээ, 28-февраль күнү үй камагына чыгарылды. Баламдын абалы жакшы", - деп билдирди Сапия айым.

Эске салсак, 18-декабрь күнү жолдон өтүп бара жаткан Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын тургундары менен кыргыз тарап таш ыргытышып, урушуп кетишкен. Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун Хонда-Стрим унаасынын айнегине таш тийип, айылдын 2 тургунунун турак үйлөрүнүн шиферлери сынган.

11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынан Тажик жарандарынын Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасын таштар менен уруп, эки капталындагы айнектерин сындырып салышкан. Бул факты "бейбаштык" беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар же аларды уюштурганга тиешеси бар делинип, Көк-Таш айылынын 4 жараны 1 айга камакка алынган. 17-январь күнү камакка алынгандардын экөө үй камагына чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.02.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой Таш окуясы ачык иликтенбейт окшойт. Айланып келип Сооронбай Жээнбековтун кызыкчылыгын алдыга коюп коет. Азыркы бийлике элдин деле ишеними жок. ХХХХ менен жарга такалдык окшойт.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-02 09:20:17
29.02.2020. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин саткындар өздөрүнүн жарандарын камайт, тажиктер сыйлык бермек андай жарандарына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: