super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өкмөттүн басма сөз кызматы: "ID-картасы бар жарандар Орусия же Казакстандан келгенин тастыкташы керек"

 

1-марттан тарта Кыргыз мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат деген маалымат тарагандан тарта "Элдик кабар" бөлүмүнө көп окурман кайрылды. Окурмандардын кайрылуусуна өкмөттүн басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.

"Коронавирус жайылып жатканына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнө ID-карта менен өтүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Анткени буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган Кыргыз жарандары аныкталган. Азыр эпидемиялык кооптуу абал жүрүп жатканына байланыштуу, коронавирустун жайылуусун алдын алып, ушундай убактылуу чектөө киргизилди. 1-марттан тартып бул мыйзам ишке кирет. Эгер Казакстанда же Орусияда жашаган мекендештерибиз Кыргыз өлкөсүнө ID-картасы менен келишсе, алар аталган өлкөдө жашап же иштегенин, башка өлкөгө чыкпаганын тастыктай алса, кошумча текшерүүдөн өткөрүлгөн соң өлкөгө кире берет. Колунда ID-картасы гана бар жарандарга базадан тыкыр текшерүү жүргүзүлөт. Буга чейин 2 мүнөттө текшерүү болсо, бул ирет текшерүү салыштырмалуу көп убакытты талап кылат", - деген маалымат берди басма сөз кызматчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.02.2020. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип тастыкташыбыз керек Россиядан келе жатканыбызды? Регистрациянын копиясын алып алышыбыз керекпи же кандай ?
29.02.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gute,миграция картанын копиясы жана регистрация кагазыны атып жибербестен алып Алда. Тасдыкта. Мына сага деп.
29.02.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
patiydin,ооба миграциялык картанын,регистрациянын,дмстин,жумуштакы договордун колдон келсе оригиналын болбосо копиясын алып алгыла. Иштеген жеринерден справка ала алсанар ал да ашыкча болбойт. Эмне документ,кагазынар болсо ошонун баарын алып алгыла.
29.02.2020. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура,сактыкта кордук жок.
29.02.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ID карта мн россиягада учулбайбайбы ошондо? 1 мартка билет алган элек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: