super.kg logo

Сурамжылоо: Бишкектеги дарыканаларда бет каптар барбы? (видео)

 

Дүйнөнүн 48 мамлекетине жайылган коронавирус биздин өлкөнүн жашоочуларын дагы кооптондуруп турган чак. Вирус тараган өлкөлөрдө дээрлик бардык жарандар бет кап менен жүргөнү маалымдалууда. Буга байланыштуу Бишкек шаарындагы дарыканаларга барып "медициналык бет каптар барбы?" деген суроо салдык. Мындан тышкары ал жактагылардан "антисептикалык каражаттар жана бинттер барбы?", "бет каптардын баасы жогорулаган жокпу?" деген суроолорго жооп алдык.

Сурамжылоого катышкан 10 дарыкананын ичинен 9унда медициналык бет каптар жок болуп чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы маалымат жыйынга катышып жаткан саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге "Борбордогу дарыканалардын көбүндө медициналык бет каптар жок экендигине күбө болдук. Буга чейин министрлик 500 миңден ашуун бет кап бар деген маалыматын берди эле. Эмне себептен медициналык бет каптар жетишсиз болуп жатат?" деген суроо берди.

Министр Чолпонбаев медициналык бет каптар боюнча чынында эле маселе бар экенин айтты.

"Ооба, көйгөй бар. Бирок буюрса, ал көйгөй чечилет. Учурда 160тан ашык ооруканада 40 088 бет кап бар. Мындан тышкары ал жерде 3 миңден ашык коргонуучу кийимдер бар. Ошондой эле 44 миңден ашык респиратордук бет кап турат. Бул ооруканалар боюнча, ал эми фармацевтикалык дүң складдарда 160 миңдей бет кап бар. Бирок аларга дагы чектөө коюлган. Рынокто 127 миңдей бет кап бар. Кээ бир дарыканаларда бет кап чынында жок болуп жатат. Анткени коронавирус башталганга чейин медициналык бет каптарды Орусиядан, Кытайдан, Казакстандан алып келчүбүз. Учурда алар да экспортту токтотуп коюшту. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн чыкпайт. Азыркы күндө иш аракеттерди кылдык. Жакынкы арада бул маселе чечилет. Белгилей кетүүчү нерсе, медициналык бет капты ооруган, чүчкүрүп, жөтөлгөн адам башкаларга жуктурбаш үчүн тагынышы керек. Баары бет кап кийсин деп айткан жокпуз. Чууга алдырып, дарыканалардан баары сатып алышып, жок калып жатат. Дагы айта кетейин бет капты ооруган киши гана тагынып, алмаштырып туруусу керек. Мен азыр бул жакка келерден мурун чоң 15 компанияны жыйнап текшерип, кандай шарттары бар, бет каптарды кандай алып келели деген суроонун тегерегинде маселени талкуулап келдик. Буюрса, бул меселе чечилет", - деди министр.






Сурамжылоо: Бишкектеги дарыканаларда бет каптар барбы?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
29.02.2020. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 сом болчу азыр 70 сом экен жест
29.02.2020. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи пикет митинг кылып бийлик алмаштырганга эле маш элбиз. Эң жөнөкөй болгон ушул бет капты өзүбүз чыгара албасак уят эле деп ойлойм.
29.02.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
interpol,Ошону айтсаныз гилтейтип рестаран,баня,сауналарды,кумарканалардын оордуна ушундай нерселерди чыгарышпайбы?
bema_bema түзөттү 2020-02-29 23:33:13
29.02.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуну үйдө эле тигип,дезинфекциялап , жууп колдонсо болбойбу? Глобальная проблема болду го ушу маска
Saidochka түзөттү 2020-02-29 22:13:20
29.02.2020. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орусиядан сабак алса болот биздикилер түрөдө отургандарды бекер отургузбай маска тиктирип жатышыптыр а биздикилер али уйкудан тура элек
01.03.2020. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оптом алып бизнес кылып жатат го дейм,болбосо лалафодо сатып жаткандар каяктан алды,миндеп саткандарды камаш керек,500 мин маска бар деп турат,дагы бироондо миллион штук бар экен кайсы акмак сатты аларга,ошолорду изилдебейсинерби супер инфо.
Kyrgyz_bloger түзөттү 2020-03-01 03:14:26
01.03.2020. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Kyrgyz_bloger,Сенден сурап сатып алмак беле. Сатып алса оз акчасына сатып алып жатат да.Колунан к келбейт да суйлойсун.
01.03.2020. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
turaliev,сага окшогондордун айынан онукпой жатабыз да,акча учун баарына даярсынар да,элдин шорунан да акча жасайсынар.
02.03.2020. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык маселе жакынкы арада чечилет,сүйлөшүп жатабыз деген эле кыжырга тийчү жооптор.
Бир беткапты эптей албаса Чолпонбек б.к жеп отурабы ордунда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: