Шаардык мэрия: "Коомдук троллейбус, автобустарда "Тулпар" системи ишке кирди"

Бүгүндөн баштап муниципалдык коомдук транспортто "Тулпар" системи толук кандуу ишке кирди. Бул тууралуу Шаардык мэриядан билдиришти.
"Бүгүнтөн баштап муниципалдык коомдук транспорттордо "Тулпар" системи иштеп баштады. Айдоочулар, 250 чакты консультанттар коомдук автобус жана троллейбустарда шаардыктарга жардам көрсөтүп, системдин иштөөсүнө көз салып турушат.
"Тулпар" картасын "Кыргызпочта", уюлдук операторлор сатылган жайлардан жана автобус, троллейбустун айдоочуларынан алсаңыздар болот. Картанын баасы - 50 сом, биринчи багытка баруу бекер. Пенсионерлерге аты жазылган кызыл карталар райондук акимиаттарда берилет. 1-мартка чейин картаны алууга үлгүрбөй калган пенсионерлер күбөлүгүн көрсөтүп, бекер жүрө алышат. Окуучуларга жашыл карталар мектептерде "Тулпардын" кызматкерлери тарабынан берилет", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин 2020-жылдын 1-мартынан баштап коомдук муниципалдык транспорттор толук кандуу электрондук билеттештирүү системине өтөрүн шаардык мэриядан билдиришкен.



