super.kg logo

"Өзгөндө Түштүк Кореядан келген жаран коронавирус жуктурган". Жалган маалыматты тараткан медайым кечирим сурады

 

Социалдык тармактарда, WhatsApp мессенжери аркылуу коомчулукка тараган "Өзгөндө коронавирус жуктурган адам дене табы көтөрүлгөн абалда ооруканада жатат" деген маалыматты тараткан медайымдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жалган маалыматты тараткан аял 1975-жылы туулган Ж. кызы Н. Өзгөн райондук ооруканасында медайым болуп иштери аныкталды. Ал айткан Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Өзгөнгө келген Кыргыз жараны 27-февралда келери менен текшерүүдөн өткөн. Андан сырткары 14 күндүк карантинге Өзгөн райондук ооруканага жаткырылган. Ошондон улам медайым аны коронавирус жукту деген маалымат таратып жиберген. Кыргыз жаранын текшергенде дене табы нормалдуу болуп чыккан. Медайым WhatsApp`тагы группаларга, курбуларына тамашалап жөнөткөнүн айтып, кийин коомчулуктан кечирим сураган. Анткен менен жалган маалымат таратканы үчүн ал жарандын иши 28-февраль күнү Өзгөн РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүргүзүлүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






"Өзгөндө коронавирус жуктурган адам бар" деген жалган маалымат тараткан дарыгер

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
01.03.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чон эле аял плюс медик,кебетен дурайын жок дегенде эки айга камалсын,ойлонуп суйлош керек азыр адамдар аран турушат
01.03.2020. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Dani,балким чындык аны коркутуп жашырып коюшкандыр менмин деген Европада башталды жакынкы коншу бизде жок дегенге кумонум бар эмнеси болсо да Жараткан элибизди мындай апааттан сактасын
01.03.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тамашалаганга окшошпой эле сүйлөгөн го. Дагы башка аял да сүйлөгөн, апам иштейт ошол ооруканада деп.
Болгону коронавирус деп диагноз коюлмайынча элди дүрбөлөңгө салбаш керек болчу.
01.03.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХХХ иштен алып камаш керек эле,Өзгөндө канчалаган адамдар дүрбөдү,алыскы туугандар тынбай смс жазып Ватсаптан звандап жатышты.Канчалаган адамды ойго салып,кыжаалат кылды.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-02 09:05:18
01.03.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тамаша эсемтир. 40 тан коп олкого жайылып жаткан оору Кыргызстанга келбей койбосо керек. Кыргызстанда короно вирусту аныктай ала турган аппараты деле жокко сыягы. Бул эже деле жондон жон эле ойноп суйлобосо керек эле.Элди дурболонго салбайлы деп тамаша суйлотту кылып кечиримди сураттырды да.Кудайым озу сактасын оору-сыркоо,боодо кырсыктан баарыбызды.
01.03.2020. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Marks,анык анализи чыга электе жайылткан.14 кун карантинде ал адам.Билип-билбей суйлобошу керек.Чындап болсо 14 кундун ичинде аныкталат.
01.03.2020. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
14 кун дейбиз,кореядан келгиче деле 14 кундон ашкандыр.Может бул аялды оозун жапты да бийлик
01.03.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озу азыркы бийлике ишениш жок болуп атат бул эжен ойноп айткан эместир эртен бир нерсе болсо ошо жашырган чондор качат
01.03.2020. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык инсандын пейилине жараша болот эч качан бизге буйруса келбейт андай грип дажи атын деле атабай эле койгулачы жакшы ниет жарым ырыс дейт озубуз эле ар кандай создорду чыгарып коркуп дурболон жаратып атабыз ишнерди кылып кулуп жайнап эле журо бергиле андай нерсенин бетин нары кылсын кудай
02.03.2020. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын, негизи этият болуп алдын алган жакшы, коронвирус болуп калбасын деп башкаларга эскерткен болуш керек. Кытайдагы маркум вирус тууралуу биринчи эскерткен дарыгердей болуп журбосун, бул корунуш, муну туура кабыл алып туура иш жургузуу зарыл
02.03.2020. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым ар кимге которо ала турган сыноо берет дейт. Биздин мамлекет коронавируска туруштук бере албайт. Карапайым эл эле кыйналат. Ошондуктан, мен ойлойм, бизге бул оору келбейт деп ин ша Аллах
02.03.2020. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр 14 кун эмес,27 кундон кийин билинип атыптыр.кудай озу сактасын кыргыз элими
Jasi.jasi түзөттү 2020-03-02 10:57:06
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: