super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров 2-мартта элди митингге чыкпоого чакырды

 
Бүгүн, 1-мартта Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов социалдык баракчасына 2-мартка пландалган Садыр Жапаровду колдоо митингине байланыштуу тарапташтарына кайрылуусун чыгарды.

"Урматтуу Кыргызстандыктар! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө: мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасайм. Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр өлкөбүзгө ызы-чуунун кереги жок. Мага жеткизген маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Мен бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабаймын. Ошондуктан чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем. Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат.

Урматым менен Садыр Жапаров, 1-март 2020-жыл".

Эске салсак, 2-мартка пландалган митингде бийликти күч менен басып алууга чакырган телефон аркылуу сүйлөшүү коомчулукка тарап, жалган маалыматты тараткан жаран кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: