super.kg logo

Өзгөндө коронавирус жуктурган адам бар деп жалган маалымат тараткан медайым жумуштан кетти

 

Өзгөндө коронавирус жуктурган жаран бар деп жалган маалымат тараткан медайым жумуштан кетти. Маалыматты Өзгөн аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Сатар Жусупов ырастап, медайым өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди.

"Медайым күнөөсүн моюнга алып, мындан ары ооруканада иштей албай турганын билдирип 29-февралда арыз жазды. Ал жалган маалымат менен кызматкерлерге көө жапканын айтып иштен кетти", - дейт башкы дарыгер.

Буга чейин медайымдын билдирүүсү социалдык тармактарда, WhatsApp мессенджери аркылуу коомчулукка тараган. Анда Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Өзгөнгө келген Кыргыз жараны 27-февралда келери менен текшерүүдөн өткөн. Андан сырткары 14 күндүк карантинге Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Ошондон улам медайым аны коронавирус жуктуруп алган деген маалымат таратып жиберген. Медайым WhatsApp`тагы группаларга, курбуларына тамашалап жөнөткөнүн айтып, кийин коомчулуктан кечирим сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.03.2020. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обу жок катын орсок уй саайт.Тамашалай турган нерсе менен тамашалашышса.Балдарды уурдап атат бироону олтуруп кетти дешип элди дурболонго салышат.Камап салышса деле болот канча киши ойлонушабы атып нерв болушту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: