ИИМ: "Митингде коомдук тартипти бузгандарга катуу чаралар көрүлөт"
Өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербей тургандыгын билдирди мекеменин басма сөз катчысы.
"Биз тараптан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ал үчүн ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Учурда кылмыштуулукту алдын алууга, коомдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат", - дешти маалымат кызматынан.
ИИМ бардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарга карата кескин чараларды көрөт. Ички иштер министрлиги коомчулукту туруксуздаштыруу боюнча чагымчыл жана башка жалган маалыматтарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын дагы бир жолу эскертет деп кошумчалады мекемеден.









1 |