Өлкөдө кайрадан жамгыр, кар жаайт. 6-мартка чейинки аба ырайы тууралуу маалымат
2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
3-мартта күндүз, 4-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-мартта күндүз Баткен облусунун айрым аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
5-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт.
6-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.






1 |