super.kg logo
  Спорт  

Sports Awards-2019: Мыкты спортчулар жана спорт ишмерлери сыйланды

 
Сыйлыктын негиздөөчүсү Динара Орозбаева.
Спортчуларды сыйлоо аземи кызыл килемден өтүү менен коштолду.
"Мыкты улакчы" сыйлыгы Манас Ниязовго тапшырылды.
2018-жылы көк бөрү учурунда кырсыктап, оор жаракатка кабылган жана өз алдынча баса албай калган Дастан Жакеевге “Атайын сыйлык” тапшырылды.
"Мыкты меценат" сыйлыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тапшырылды.
Сыйлоо аземи концерттик программа менен коштолуп, ырчылар чыгармаларын тартуулашты.

29-февралда VI Sports Awards-2019 жыл мыктыларын аныктоо салтанаты Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын маалыматында айтылат.

Сыйлоо кечесин сыйлыктын негиздөөчүсү Динара Орозбаева ачып, спортчуларга кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө спортко кайдыгер карабаган меценаттарга кайрылып, кыргыз спортчуларын ар тараптан колдоого чакырды.

Негизги номинациялардын алдында жыл ичинде өзгөчөлөнгөн 4 спортчу жана 1 уюмга “Спорттогу бийик жетишкендиктери жана талыкпас эмгеги үчүн” дипломдор тапшырылды. Алар: Азамат Эсеналиев, Айдай Орозбекова, Бакыт Кыдыков, Нурбек Оросулбаев жана Стекинг спорту федерациясы.

Интернет-добуш берүү жана эксперттик комиссиянын тандоосунун негизинде жыл мыктылары болуп төмөнкү спортчулар аныкталды:

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында мыкты спортчу – Нурбек Алиев (кол күрөш);

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында мыкты спортчу айым – Гүлзада Калыгул кызы (жеңил атлетика);

Улуттук спорт боюнча мыкты спортчу – Элдияр Сексенбаев (алыш күрөшү);

Олимпиадалык спорт боюнча мыкты спортчу – Улукбек Жолдошбеков (эркин күрөш);

Олимпиадалык эмес спорт боюнча мыкты спортчу – Авазбек Аманбеков (кикбоксинг);

Мыкты улакчы – Манас Ниязов (“Достук”);

Мыкты грэпплинг чебери – Абдурахман Муртазалиев (“Kyrgyzstan Top Team”);

Жыл жаңырыгы – Нурадин Рустамбек уулу (бокс);

Мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);

Мыкты команда – Кыргыз Республикасынын Волейбол боюнча курама командасы;

Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде: Мыкты машыктыруучу – Бообек Тотошев (кармашып мушташуу);

Мыкты федерациялар – Грэпплинг жана Кыргыз күрөш федерациялары;

Атайын сыйлык – Дастан Жакеев;

Мыкты меценат – Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: