super.kg logo

Францияда коронавирустун айынан Лувр музейи көрүүчүлөр үчүн эшигин жапты

 

1-марттан тартып Францияда дүйнөгө атагы чыккан Лувр музейи коронавирустун айынан көрүүчүлөрдү кабыл албайт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

"Коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу элдин саламаттыгын сактоо үчүн жана профилактикалык иш-аракеттерге байланыштуу музейди ача албайбыз", - деп жазылган музейдин социалдык тармактагы баракчасында.

Париждин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Лувр музейи дүйнө жүзүндөгү эң көп адам кабыл алган музей болуп эсептелинет. Ага жыл сайын миллиондогон адамдар келип кетишет. Музейдин жетекчилиги мындай ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.

Мындан сырткары Францияда жабык имараттарда 5 миңден көп адамды топтоп өткөрүлгөн иш-чараларга тыюу салынган. Мындай чектөөлөр коронавирустун тарап кетишин азайтуу максатында киргизилди. Ачык асман алдында өтүүчү иш-чараларга да чектөө киргизилген.

Азыркы учурда Францияда коронавирусту жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 2 адам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: