Сузакта дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыз аман-эсен табылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан бүгүн, 2-мартта кабарлашты.
"Сузак районунун 17 жаштагы тургуну Мадина Рахмидин кызы дайынсыз болуп изделип жаткандыгы тууралуу 28-февралда кабарланган. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтан кийин дайынсыз болуп жаткан кызды көргөндөр 29-февралда милицияга кабар беришип, өспүрүм табылып ата-энесине өткөрүлүп берилди", - дейт мекеменин маалымат кызматынан.
Жалал-Абад ОИИБи бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ыкчам кабарды жарыялап, маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана бул окуяга кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирет.





1 |