super.kg logo

«Нитро» – Кыргыз футбол союзунун жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын расмий демөөрчүсү

 

28-февралда Кыргыз футбол союзу, Кыргыз профессионалдык футбол лигасы жана «Абдыш-Ата» компаниясынын үч тараптуу демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу болуп өттү. Аталган келишимге Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов, КПФЛ президенти Дастанбек Конокбаев жана «Абдыш-Ата» компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Эльер Садыкахунов кол коюшту.

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов «Абдыш-Ата» компаниясы көп жылдан бери өлкөбүздөгү футболго көмөк көрсөтүп келерин белгилеп, компаниянын негиздөөчүсү Советбек Сакебаевге ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз футболун «Абдыш-Ата» компаниясыз элестетүүгө болбойт. Анткени аталган компания кыргыз футболун ар дайым колдоп келет. Кыргыз өлкөсүндө футболго көңүл кош карабаган, футболду өнүктүрүү жана колдоо канчалык маанилүү экендигин, анын биздин балдарга жана күйөрмандарга болгон маанисин түшүнгөн компаниялар бар экендиги кубандырат», - деди Канатбек Маматов.

«Абдыш-Ата» биздин эзелтеден бери колдоп жаткан өнөктөшүбүз. Аталган клуб өлкө чемпиондугунда ар дайым алдыңкы орундарга күрөшүп келет жана клубдун академиясы ийгиликтүү иш алып барып жатат. «Абдыш-Атанын» соода маркасы Кыргыз Республикасынан чет өлкөлөргө чыгып келген, футбол башка рынокторго чыгуу үчүн көпүрө боло алат. Чогуу ынтымакта иштешсек, биздин кадамдарыбыз натыйжалуу болот», - деп белгиледи КПФЛ президенти Дастанбек Конокбаев.

«Биз «Нитро» соода маркасы катары Премьер-Лиганын жана улуттук курама команданын расмий демөөрчүсү катары келишимге кол койдук. «Нитро» – алгачкы жергиликтүү энергетикалык суусундук. Биз Кыргыз футбол союзуна «Абдыш-Ата» компаниясы жана клуб менен тыгыз иштшип келе жаткандыгына ыраазыбыз», - деди Эльер Садыкахунов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: