super.kg logo

Бишкекте жөө адамды сүзгөн жол тандабастын айдоочусу кармалды

 

Бишкекте 21-февралда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

21-февралда болжол менен саат 16:30 чамасында айдоочу Горький көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жатып, Кара дарыя көчөсүнүн кесилишинен 2004-жылы туулган Д.С. аттуу өспүрүмдү сүзүп кеткен. Окуя болгондон кийин айдоочу белгисиз тарапка качып кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылган.

Ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө Лексус-570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1951-жылы туулган И.Т. кармалып, Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп кабарлады маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: