super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" ЖООП: "Мурда авиабаза болгон Гансиде ачылган убактылуу карантиндик пунктунда бардык шарттар түзүлгөн" дейт министрлик

 

"Бишкектеги "Манас" аба майданынын жанындагы мурда Ганси авиабазасы жайгашкан аймакта Корей, Кытай жарандары 14 күнгө карантинге алынганын жана ал жактын шарттары начар" деп билдирген окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Манас" аба майданынын жанындагы мурда авиабаза болгон "Гансиде" ачылган убактылуу карантиндик пунктунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен 480 орундуу обсерватория уюштурулган. Ал жакка эпидемиологиялык абал жайында болбогон мамлекеттерден келгендер карантинге жайгаштырылат.

Бул обсерватория бардык талаптарга жооп берет. Алсак, ал жерде ар кандай топтор бири-бири менен контакт болбогондой шарт түзүлгөн. Мындан тышкары "Гансиде" суу, канализация системдери калыбына келтирилип, жылуу суу менен камсыздоо үчүн аристондор коюлган. Полго линолеум салынган. Карантинде жаткандар үчүн күнүнө 3 маал ысык тамак уюштурулуп, алар бардык гигиеналык каражаттар менен камсыздандырылган. Ошондой эле ал жакка жайгаштырылгандар күнү-түнү медициналык көзөмөлдө болуп турат. Андыктан кээ бир жарандардын карантинде жаткандар шарты жок, суусу жок жерде жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт", - дешти министрликтин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.03.2020. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле чындыкка дал келбейт деген сөздү жаттап алышканбы?
03.03.2020. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайларга боор оорубай еле койгулачы курт кумурска жеп болсо да оздорун багып алат. Же болбосо келбей турсун бизди да коркутпай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: