super.kg logo

Ухан шаарында бир бейтапкана жабылды

 

Кытайдын Ухан шаарында жайылган коронавирустан жабыркагандардын саны азайып жатканына байланыштуу бейтаптарды убактылуу кабыл алып жаткан шаардагы бир бейтапкана жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

1-мартта аталган оорукана вирустан айыккан 34 жаранды чыгарып, дарыланып жаткан 74 бейтапты башка медициналык пункттарга которушкан. Бейтаптарды башка ооруканаларга өткөрүп бергенден кийин, оорукана эс алуу режимине өтүп, мындан ары бейтаптарды кабыл албай турганын билдирген. Акыркы учурда жалпы эле Кытай анын ичинен Хубэй провинциясында эпидемиялык абал мурункуга караганда турукташкан.

Уханда акыркы сутка ичинде вирус жуктурган 193 жаңы учур катталган болсо, сакайып бейтапканадан чыккандардын саны 1 958 кишини түзгөн. Азыркы учурда ооруканаларда 25 903 адам дарыланып жаткан болсо, алардын ичинен 6 872 адамдын абалы оор экени айтылууда. Жалпысынан шаарда вирустан 2 227 киши көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.03.2020. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушуну менен токтоп эле калса экен,бизге жетпей
03.03.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Аллахым Кыргызстанды вирустан сакта.
03.03.2020. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айыккандан кийин да вирусту алып жүрүшөт экен сак жүрөлү. Сактанганды кудай сактайм дейт.
03.03.2020. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сактансан сактаармын дейт кудайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: