"Ак шумкарлардын" коргоочусу Индонезия чемпиондугунда алгачкы оюнун өткөрдү



1-мартта Индонезиянын Лига-1 чемпиондугунун жаңы сезону башталды. Футбол боюнча Кыргыз Улуттук курамасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев жаңы клубунда алгачкы беттешин өткөрдү. Бул тууралуу Футбол союзунан билдиришти.
Тамирлан Козубаевдин "Персита Тангеранг" командасы 1-турда "Бали Юнайтед" командасы менен кез келди. Оюн 0:0 эсеби менен аяктады. Тамирлан Козубаев негизги курамда чыгып, беттешти толугу менен өткөрдү.
Эске салсак, Тамирлан Козубаев "Персита Тангеранг" командасына ушул жылдын январь айында кошулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ali-han

03.03.2020. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул бала коргой деле албайт!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.