super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карганбек Самаковдун "өкмөт реформа жүргүзөбүз деп алдыдагы шайлоого даярданып жатат" деген сынын өкмөт башчы четке какты

 
"Өкмөт алдыдагы шайлоого даярданган жок, жөн гана аймактык-административдик реформанын этабын сунуштап жатат",- дейт өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. Бүгүн, 23-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан тегерек столдо ЖКнын депутаты Карганбек Самаков аталган реформа Конститутүциянын нормаларына каршы келе тургандыгын айткан эле. "Эмнеге мынча шашып жатасыз же шайлоого даярданып жатасызбы? Азыр мындай реформа кыла турган учур эмес, жакшысы, бюджетке акча топтоңуздар",- деди Самаков өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып. Сатыбалдиев "шайлоолор өз учурунда болот, аны эртең өткөрөлү деген эч ким жок. "Кечээ эрте болчу, бүгүн кеч болуп калды дегендей" бул реформаны жасашыбыз керек. Биз акимдерге кошумча укук бербей, тескерисинче аларды укуктарын кыскартып жатабыз",- деди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: