super.kg logo

Бишкек мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылат

 

Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылат. Маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Биз бул митингди көчөлөрдү тосуу менен милицияга кол салган, Ак Үйдү басып алуу аракети менен ишкерлердин мүлкүн талкалаган, шаардын мүлкүнө зыян келтирген массалык баш аламандык катары баалайбыз. Чыгымдын жалпы суммасы такталууда. "Ала-Тоо" аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясын алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылат", - деп айтылат маалыматта.

Мекемеден билдиришкендей, бул иш-аракеттер жарандардын жакшылыгы үчүн эмес, кимдир-бирөөнүн саясий кызыкчылыктары үчүн жасалууда.

Митингдин уюштуруучулары менен сүйлөшүү жүргүзгөндө алар митинг өткөрүп, тынчтык жолу менен таркап кетерин убадалашкан. Бирок алар өз иш-аракеттери менен милиция кызматкерлерин күч колдонууга аргасыз кылышты деп кошумчалайт мэриядан.

"Биз борбор калаабыздагы тынчтыкты сактап калууга бүт аракетин жумшап, өз милдетин так аткарган милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Шаардын бардык кызматтары штаттык режимде иш алып барып, борбор калаанын жашоосуна азыр да кам көрүүдө".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: