"Миң сомдон келдим". Социалдык тармакта митингге катышканы үчүн акча алганын айтып берген жарандын видеосу чыкты (видео)

Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп, ага уюштуруучулардын айтымында, 2 миңге чукул адам катышканы айтылган.
Ал эми бүгүн, 3-мартта социалдык тармактардын бирине колдонуучу тарабынан кечээ тартылган видео жайгаштырылды. Видеодон белгисиз жаран митингге катышкандыгы үчүн ага миң сом беришкенин жана ал акча берген адам ким экенин билбей турганын айтып жатканын көрсө болот. Ал сүйлөп жатып "менин адашканым" деп айтып, андан ары видеого тартып жаткан адамдын суроолоруна жооп берген.
Видеого тарткан адамдын "эмне деп келдиңиз?" деген суроосуна ал төмөнкүдөй жооп берген.
"1000 сом бергени үчүн келдим. Акчаны ким бергенин билбейм жана ал адамды тааныбайм. Жалпы 17 киши келгенбиз", - деп билдирген ал.
"Миң сомдон келдим". Социалдык тармакка митингге катышканы үчүн акча алганын айтып берген жарандын видеосу жайгаштырылды


Чиновниктердин майрамы катары
Кыргыз Конституция сына киргизүү керек
Абалдан пайдаланып башка бир кучтор чогулган элди башка нукка буруп жатышат окшойт.
Бул ишинер менен Садыр Нуркожоевичге кайра проблема кобойтуп жатасынар