Күндүн сүрөтү: Митинг учурунда китеп окуп отурган жарандын сүрөтү талкуу жаратты




Социалдык тармактарда митинг учурунда жайбаракат китеп окуп отурган жарандын сүрөтү кызуу талкуу жаратты. Колдонуучулар аны "Күндүн сүрөтү" деп аташууда.
Сүрөттүн арткы фонунда күч түзүмдөрү борбордук аянтты көздөй баратканын көрүүгө болот. Ал эми тротуар жакта колунда китеби бар адам тартылып калган.
Бул белгисиз адамдын сүрөтү интернет айдыңына тез тарап, "Китеп алдында дүйнө жүзү күтүп турат", "Митингге карата иммунитет", "Чын жүрөктөн баары бир" деген сыяктуу пикирлердин жаратуучусу болгон.
Кечээ, 2-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп өткөн. Cаат 19:00дөн тартып митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналар, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышты.















1 |