Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынан баш тарткандар көбөйүүдө
Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынан баш тарткандар көбөйүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жалал-Абад ОИИБинин экстремизмге каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында Сузак районунун 1967-жылы туулган К.Р. аттуу тургуну 20 жыл мурун “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымына кирип, бир канча жыл идеяларын колдоп, китептерин окуп келген. Бүгүнкү күндө ал буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин түшүнүп, ал идеяны колдоодон баш тартты. Ошондой эле ал өз сөзүндө “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымы туура эмес экендигин белгилеп, 5 жыл мурда анын аялы, баласы, небереси Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге катышуу үчүн чагымчыл күчтөрдүн аракети менен азгырылып кетип калгандыгын айтып өткөн. Азыркы күндө үй-бүлө мүчөлөрү Ирак мамлекетиндеги качкындар лагеринде кармалып тургандыгын айтып, ал элдерди, өзгөчө жаштарды экстремисттик жана террорчулук чагымчыл күчтөргө азгырылбастан, туура диний көз карашты карманууга чакырып өттү.
Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына ылайык, облустун аймагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынын идеяларын колдогон 500дөн ашуун жаран каттоодо турат. Ал эми Сириядагы согуштук аракеттерге кеткен 117 адам аныкталып, алардын ичинен 12си өз мекенине кайтарылган.



