super.kg logo

Митингден кийин 166 жаран кармалып, 4 адам камакка алынды

 

"Ала-Тоо" аянтындагы митингге катышкандардын ичинен 166 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2-марттагы митингден улам массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Алардын 162си менен тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилди.

Бул факт Бишкек ШИИББинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда", - деди маалымат катчы.

Мындан тышкары митингде 24 милиция кызматкери денесинен ар кандай жаракаттарды алышты деп кошумчалады мекемеден.

Кечээ, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
03.03.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
03.03.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очкарик эжени да камагыла!
03.03.2020. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат. Баарына шртаф салыш керек. Милиция кызматкерлерине, жөн эле өтүп бараткан машиналарга таш ыргытканы, терезелерин талкалаганы үчүн очойто штраф, коомдук иште иштей турган кылып (көчө шыпыртып)кесиш керек. Митингге мораторийди алуунун кереги жок болчу. Эч кооптонбостон күнөөлүүлөрду жоопко тартуу керек. Ошондо тартип болот.
03.03.2020. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооронбай кетсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: