УКМК: "Митингдин уюштуруучуларынын бири жана активдүү катышуучусу кармалды"
Митингдин уюштуруучуларынын бири жана активдүү катышуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"3-мартта УКМК тарабынан ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында, 2-мартта өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучусу Д.А. аттуу жаран кармалды. Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренеси "бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" менен шектүү катары УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын баш коргоо чарасы каралат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп тараткан.






1 |