super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнүн паралимпиадачылары пауэрлифтинг боюнча лицензиялык Дүйнө Кубокторуна даярданып жатышат

 

Кыргыз өлкөсүнүн паралимпиадачылары пауэрлифтинг боюнча лицензиялык Дүйнө Кубокторуна даярданып жатышат. Спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Лицензиялык Дүйнө Кубокторуна даярдык көрүү максатында таяныч кыймылдоо аппаратынан доо кеткендер арасында пауэрлифтинг боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын мүчөлөрү Грозный шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Аталган жыйын 25-февралдан 13-мартка чейин уланат.

Иш сапарга жөнөтүлгөндөрдүн тизмеси:

1. Максат Аргымбаев, 1989-жылы төрөлгөн, Эл аралык даражадагы спорт чебери;

2. Жыргал Оросбаев, 1993-жылы төрөлгөн, Эл аралык даражадагы спорт чебери;

3. Азизбек Замирбек уулу, 2002-жылы төрөлгөн, Спорт чеберине талапкер;

4. Азиз Давранов, 2004-жылы төрөлгөн, Спорт чеберине талапкер;

Башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов.

Белгилей кетсек, Дүйнө Кубоктору Накхонратчасима (Таиланд) жана Дубай (БАЭ) шаарларында быйыл өткөрүлөт. Азырынча так убактысы белгилене элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: