Жарнама боюнча маалымат
Информация
о рекламе
super.kg logo
Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Башкы бет
Соңку кабар
Супер-ИнфоСупер-Инфо
super.kg видео
Супер-Инфо Медиа-портал
Супер-Инфо Кинозал
Супер-ИнфоСуперстан
Маек Маек
Маек Жарыялар
Супер-Инфо Жылнаама
  • Саясат
  • Коом жана турмуш
  • Саясаттагы соттук иштер
  • Маданият, шоу-бизнес
  • Кылмыштар, кырсыктар
  • СОТТУК ИШТЕР
  • Спорт
  • Элдик кабар
  • Супер-Инфо
  • Түркүн дүйнө
  • Тест куржун
  • “SUPER MEDIA” пресс-борбору
  • Сурамжылоо
  • Бизнес-Инфо
  • Ийгилик сыры
  • Эмгек жарчысы
  • Көз караш
  • Лонгрид
  • Шайлоо-2020
  • Шайлоо-2017
  • Президенттик шайлоо - 2021
  • Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо - 2021
  • Ийгилик жолунда
  • Адистен кеңеш
  • super.kg орусча
  Коом жана турмуш  

“Мамлекеттик желек Айкөл Манастын туусуна окшош. Өлкөбүздүн бардык жарандарын бириктирет”. Борбордук аянтта мамлекеттик туу күнү белгиленди

 

Бүгүн, 3-мартта Борбордук "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанат болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага шаар мэри Азиз Суракматов, шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана башка түзүмдүн жетекчилери менен бирге мэриянын кызматкерлери катышканы айтылат.

“Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик символу болгон туунун 28-жылдыгына карата мэр Азиз Суракматов сөз сүйлөп жатып “Мамлекеттик желек Айкөл Манастын туусуна окшош. Өлкөбүздүн бардык жарандарын бириктирет” деген оюн баса белгилеп өттү. Иш-чаранын соңунда Кыргыз өлкөсүнүн гимни ырдалып, мамлекеттик туу желбиреди”, - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик Туу Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

12:14 03-03-2020
Автор: Бактыгүл Султаналиева





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 
18:21 2026-08-14 Видео Аудио
Жол коопсуздугу боюнча маалыматтык буклеттер даярдалды (видео) 
18:01 2026-08-14 Видео Аудио
Өлкөдө электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлүшүнүн себеби айтылды
17:34 2026-08-14 Видео Аудио
Бүгүн Тажикстандын бир катар аймактарында электр жарыгы өчтү
17:11 2026-08-14 Видео Аудио
Нурсултан Назарбаев кыргыз болгонбу?
15:31 2026-08-14 Видео Аудио
Таласта 9 корпустук "Баластан" оюн-зоок борбору салынууда (сүрөттөр)
14:43 2026-08-14 Видео Аудио
Кыргызстан менен Япония экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
13:40 2026-08-14 Видео Аудио
Министр “Манас Ордо” комплексиндеги реконструкция иштери менен таанышты (видео)
13:05 2026-08-14 Видео Аудио
Кыргызстанда орточо айлык канча?
11:33 2026-08-14 Видео Аудио
Корумду чокусунда жоголгон альпинисттердин буюмдары табылды (видео)
10:42 2026-08-14 Видео Аудио
Бетон аралаштыргыч унаанын айдоочусу өрт өчүрүүгө жардам берди
10:41 2026-08-14 Видео Аудио
Беткапчан киши 16 жаштагы кыздын кыялын орундатты (видео)
23:14 2026-08-13 Видео Аудио
ИИМ 7 айда баңгизатка каршы 2 миңден ашуун алдын алуу иш-чарасын өткөрдү

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
×
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
Тел.: +996 312 88-24-00
+996 779 47 39 39
portal@super.kg
kabar@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
p
Эрежелер Эрежелер
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: